Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

Нарында эне өлүмүнө байланыштуу 3 медкызматкер иштен алынды


Бул тууралуу Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Гүлмира Алакаева билдирди. Төрөттөн каза тапкан 29 жаштагы Махабат Мусаева Нарын шаарындагы төрөт үйүнө 27-апрель күнү келип, 28инде операция жолу менен көз жарган. Ымыркайдын дени сак төрөлгөнү менен эненин абалы оор бойдон калган. Кайра жандандыруу бөлүмүнө алып барганына карабай, эне эсине келбей 7-май күнү көз жумган.

Өлүмдүн себебин териштирген облустук комиссия “ишине шалаакы мамиле кылды” деген негиз менен Куланак айылындагы аймактык оорукананын үч кызматкерин иштен алды. (MiK)

XS
SM
MD
LG