Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:54

АКШда жол кырсыгына кабылган мекендештин абалы оор


24-майда Нью-Йорк штатындагы Бруклин шаарында жол кырсыгына кабылган эки кыргызстандыктын биринин абалы оор бойдон калууда. Кыргызстандын ТИМи билдиргендей, ооруканага жаткырылган мекендештин бирине бутуна операция жасалып, жакынкы күндө ооруканадан чыгуу алдында турат. Ал эми экинчи кыргызстандык бир катар жаракатка учураганына байланыштуу абалы оор бойдон калууда.

Учурда ТИМ оор абалдагы мекендештин Кыргызстандагы апасына виза алуу иштерине көмөктөшүп, АКШнын тийиштүү органдарына кайрылуу жөнөттү.

Иликтөөлөргө ылайык кыргызстандыктар Э.Ж. жана М.М. катуу ылдамдыкта унаада баратканда жол кырсыгына кабылган. Экөө тең Нью-Йорктогу Lutheran Medical Center ооруканасына жаткырылган. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG