Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:47

Балдардын жанын кыйганы тууралуу эки ача маалымат таралууда


Бүгүн Жогорку Кеңештеги өкмөттүк саатта ИИМ, прокуратура жана Билим берүү министрлиги балдар арасында өз жанын кыйгандар боюнча эки башка сандарды айтышканы депутаттардын нааразылыгын жаратты.

ИИМ менен Билим берүү министрлиги былтыр 96 бала өз жанын кыйганын айтса, Башкы прокуратура суицид боюнча 102 факты катталганын ырастады.

Ошол эле учурда быйылкы жылы 39 окуучу өз жанын кыйган учур катталса, прокуратура акыркы 5 айда кайгылуу көрүнүштүн саны 49га жеткенин билдирди.

Башкы прокурордун орун басары Кылычбек Токтогулов:

- Балдар арасында өз жанын кыйган көрүнүштөн үй-бүлөлүк абалдын начардыгынан улам көп катталууда. Өткөөл курак жана ата-энелердин балдардын жанында жок болушу да көп учурда өспүрүмдөрдү өзүнө-өзү кол салууга түртүүдө, - деп билдирди.

Өкмөт өз кезегинде үй-бүлө, эне жана баланы коргоо боюнча комплекстүү программа даярдалып жатканын айтып, сентябрда өкмөттүн кароосуна сунушталаарын билдирди. Программа ата-энелер менен балдардын карым-катышын дагы жакындатууга, суицид өңдүү көрүнүштөрдү алдын алууга көмөк болору маалымдалды. (SDz)

XS
SM
MD
LG