Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:16

Абактан чыккан Хадижа Исмаилова журналисттик ишин улантарын билдирди


Хадижа Исмаилова адвокаты Элтон Гулиев менен.

Хадижа Исмаилова адвокаты Элтон Гулиев менен.

Азербайжандын Жогорку соту “Азаттыктын” журналисти Исмаилованы 7,5 жылга кескен чечимди 3,5 жыл шарттуу жаза менен алмаштыргандан кийин Хадижа Исмаилова 25-майдан абактан чыкты. Сот мындай чечимди Исмаилованын апелляциялык арызынын негизинде чыгарган.

Фейсбуктагы баракчасына Исмаилова “Салам! Мен абактан чыктым. Колдоо үчүн баарына рахмат. Журналисттик ишимди улантам”, деп жазды.

Хадижа Исмаилова 2014-жылы декабрда кармалып, өткөн жылы сентябрда соттун өкүмү чыккан. Ал салык төлөөдөн качкан, мыйзамсыз ишкерлик кылган, кызмат абалынан пайдаланган деп айыпталган. Бирок ал президент Алиевдин жана үй-бүлөсүнүн коррупциялык иштерин жазганы үчүн камалганы айтылып, батыш өлкөлөрү бошотуу талабын коюп келген. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG