Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:12

"Украиналык учкуч Надежда Савченкону бошотуу менен Орусия Минск келишиминин маанилүү бөлүгүн аткарды" деп билдирди АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри.

Савченконун бошотулушун Батыштын башка өкүлдөрү да кубаттады. Европа Биримдигинин тышкы саясат комиссары Федерика Могерини Савченконун бошотулушун “көптөн бери күткөн жакшы маалымат” деди. Украина президенти Петро Порошенко Киевдеги резиденциясында Савченконун катышуусунда анын бошотулушуна жардам көрсөткөн үчүн Кошмо Штаттарга жана Европа Биримдигине кирген өлкөлөргө ыраазычылык билдирди.

Орусия президенти Владимир Путин айыбын кечирүү жөнүндө жардыкка кол коёр менен Савченко бошотулган. Ошол эле күнү президент Порошенко Чыгыш Украинада колго түшкөн орус жарандары Евгений Ерофеев жана Александр Александровду бошотуу тууралуу жардыкка кол койду. Алар да мекенине кайтып келди. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG