Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:08

Кошмо Штаттар ирандык миллионердин күрөө коюп бошотулушуна каршы


Кош жарандыгы бар ишкер Реза Зарраб.
Кош жарандыгы бар ишкер Реза Зарраб.

Миллионер Реза Зарраб АКШнын Иранга санкциясын бузган деп, март айында Майамиде кармалган. Заррабдын адвокаттары 50 миллион доллар күрөө менен аны үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн. Бирок АКШ прокурорлору алтын менен соода кылган миллионерди бошотууга каршы чыгышты.

Прокурорлор “абдан бай, байланыштары жана таасири көп” ишкер Реза Зарраб “байлыгын” пайдаланып, АКШдан качып кетерин 25-майда Нью-Йорк сотунда билдиришти.

Түрк жана Иран жарандыгы бар Зарраб Майамиде кармалгандан бери абакта отурат. Ал АКШнын Иранга киргизген санкциясын бузуп, Иран өкмөтүнө жүз миллиондогон доллар которууга аралашкан деп айыпталууда. Сот аны күнөөлүү деп тапса узак жылдарга кесилиши мүмкүн. (AiT)

XS
SM
MD
LG