Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Талиптердин жаңы лидерин тааныбагандар чыгууда


талип жанкечтилеринин жаңы жетекчиси Хабитулла Ахунзада.
талип жанкечтилеринин жаңы жетекчиси Хабитулла Ахунзада.

Ооган талиптеринин жетекчиси Ахтар Мансур молдо АКШнын пилотсуз учагы тарабынан урулган соккудан каза тапканын тастыктап, кыймылдын жаңы лидерин аташкан. Бирок талиптердин бир бөлүгү Хабитулла Ахунзаданын жолбашчы болушуна каршы экенидигин билдире баштады.

Буга чейин талиптердин расмий өкүлү Забиулла Муджахид Ахунзада талип лидерлеринин жыйналышында бир добуштан шайланганын билдирген эле. Ал жыйын Пакистанда өткөрүлгөн деп болжонууда. Талип лидери Ахтар Мансурдун өлүмүнөн кийин 25-майда талиптер Кабулдун батышында теракт уюштуруп, андан 11 киши набыт болду.

50 жаштагы Ахунзада динаятчы, Кандагарда төрөлгөн. Акыркы мезгилде талиптердин башкы соту болуп турган. Ал каза болгон Ахтар Мансур сыяктуу эле агрессивдүү саясатты карманары айтылууда. Талиптердин маалымат катчысы Муджахид жаңы жетекчи Ахунзада аудио кайрылуу менен чыкты деген маалыматты 25-майда төгүндөп, ал эч кандай маалымат бере электигин кабарлады. (AiT)

XS
SM
MD
LG