Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

56 миң баланын ата-энеси тышта жүрөт


Мигранттар.
Мигранттар.

Кыргызстанга балдарын таштап чет өлкөгө кеткенден улам 56 миң 462 бала бүгүнкү күндө ата-энеси менен чогуу жашабайт. Бул тууралуу парламенттеги өкмөттүк саатта Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

- Өлкө боюнча балдарга карата ырайымсыз мамиле жана зомбулукту алдын алуу боюнча 528 штаб түзүлгөн. Анын алкагында 316 миң үй-бүлөнү текшерип чыгып, 56 миңден ашык бала ата-энесинен алыс жашаганын билдик. Натыйжада 618 баланы биз асыроого алып, 136 бала интернаттарга жиберилди, 55 миңден ашык бала чоң ата, чоң энесинин колунда жүрөт.

Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева кошумчалагандай, балдарды зордук-зомбулуктан алдын алуу боюнча ишеним телефондоруна 300дөн ашык билдирүү түшкөн. Ал эми балдарга карата зордук-зомбулукка байланыштуу 162 кылмыш иши козголгон. (SDz)

XS
SM
MD
LG