Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:20

Жалпы Кыргызстан боюнча жети жашка чейинки ар бир беш баланын бирөө гана балдар бакчасына барат. Бирок акыркы мезгилде Кыргызстандын айылдарында бакчага бара баштаган балдар көбөйүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн мектепке чейинки билим берүү боюнча адиси Чынара Жумагулова билдирди. Анын айтымында, азыркы тапта айылдардагы бакча жашындагы жеткинчектердин дээрлик 40 пайызы мектепке чейинки тарбия алууда.

Өлкө боюнча жалпысынан 1544 мамлекеттик балдар бакчасы бар болсо, алардын 930у гана өз функциясын аткарат. Калган бакча имараттары менчиктештирилип же сатылып башка профилде иш алып барууда. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG