Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:59

Дональд Трамп Республика партиясынан талапкер болууга зарыл болгон делегаттардын добушун топтоду.

"Ассошиэйтед пресстин" маалымдоосуна караганда, миллиардер талапкер зарыл болгон 1237 добушка ээ болду. Көз карандысыз делегаттар тобу Дональд Трамптын талапкерлигин колдорун билдиргенден кийин бул мүмкүн болуп калды. "Ассошейтед пресстин" бул маалыматына чейин бир саат мурда президент Барак Обама, Жапониядагы саммиттин кулуарында "Дональд Трамп өз билдирүүлөрү менен дүйнөлүк лидерлерди бейпайга салды, алар анын сөзүн канчалык олуттуу кабыл алышты билбей жатышат", - деген болчу. Обаманын айтымында, Дональд Трамптын кээ бир сөздөрү анын дүйнөлүк иштер менен маалымдар эместигин же текеберлигин көрсөтөт. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG