Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

Баткенде облус борборун Самаркандекке которуу сунушталууда


Баткен.
Баткен.

Баткен районунун Самаркандек айыл аймагынын 21 депутаты кол койгон кайрылуу өлкө жетекчисине, өкмөт башчысына жана Жогорку Кеңеш төрагасына жөнөтүлдү. Мындай маалыматты Самаркандек айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбек Дыйканов “Азаттыка” билдирди. Анын айтымында, Баткен облус борборун Самаркандек айылына жылдыруу демилгеси ишке ашса, чек аралаш Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарынын өнүгүшүнө шарт түзүлүп, чек ара маселелери да чечилмек. Жергиликтүү бийликтен облус борборун Самаркандек айылына жылдыруу мүмкүн эмес деген жооп келген.

Азыр облустун борбору Баткен шаары. Ага 2008-жылы шаар макамы берилген. Баткенде 30 миңдей калк жашайт. (JsA)

XS
SM
MD
LG