Украинанын коопсуздук кызматы Михаил Горбачевдун өлкөгө кирүүсүнө беш жылга тыюу салды. Мекеменин өкүлү Алена Гитлянская бул чечимди Горбачевдун Крымдын аннексияланышын колдогон пикири менен байланыштырды.
Британиялык Sunday Times гезитине 22-майда берген берген маегинде 85 жаштагы саясатчы Кремлдин Крым боюнча саясатын кубаттай турганын билдирген. Ал Путиндин ордунда болгондо деле ушундай кадамга бармактыгын кошумчалаган. Горбачев Украинага кирүүгө тыюу салуу тууралуу чечимге комментарий бере элек.