Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Эстония НАТОну Балтияда аскердик күчтөрдү көбөйтүүгө чакырды


НАТОнун аскер күчтөрү.
НАТОнун аскер күчтөрү.

Эстониянын премьер-министри Таави Рыйвас НАТОго кайрылып, Балтия мамлекеттеринде аскердик күчтөрдү көбөйтүүгө чакырды.

"Эстония, Латвия жана Литвага НАТОнун бирден батальону керек. Аскерлерди керектүү учурда ротация кылса болот", - деди Рыйвас германиялык Die Welt гезитине берген маегинде.

Буга чейин НАТОнун Польша, Литва, Латвия жана Эстонияда аскердик күчтөрүн көбөйтүү ниети белгилүү болгон. Түндүк Атлантикалык альянс ал жакта аскерлерин ротациялык негизде жайгаштырууну көздөп жатат. Бул боюнча чечим июлда Варшавада өтө турган саммитте кабыл алынышы мүмкүн. Өз кезегинде Орусия 2016-жылдын аягына чейин Батыш жана Түштүктөгү аскер округдарында жаңы дивизия пайда болорун жарыялады. Муну менен Орусия НАТОнун аракеттерине жооп кайтарарын ырастоодо.

XS
SM
MD
LG