Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:48

Облус аймагындагы райондук жана айылдык китепканалардын көпчүлүгүнүн өздүк имараттары жок, айрымдары жараксыз абалга келди. Бул тууралуу облустук китепкананын жетекчиси Сейил Аталиева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, облустук китепкана жайгашкан имарат 1926-жылы курулуп, учурда авариялык абалда турат. Аны кайра куруу маселеси каралууда.

Жалал-Абад облусунун аймагында жалпысынан 195 китепкана бар. Аларда 377 адам иштеп, 2,3 млн даана китеп менен камсыздалган. Бүгүн 27-май Кыргызстанда китепканачылар күнү белгиленет. Ошондой эле облустук китепкананын уюшулгандыгынын 90 жылдык мааракеси кечээ өткөрүлдү. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG