Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:20

Таласта окуучунун өлүмүнүн чоо-жайы териштирилип жатат


Талас районунун Талды-Булак айылынын Муратбек Туйтунов атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу 24-майда классташын ГАЗ - 53 автоунаасы менен тебелеп кеткен. Натыйжада бала айылдагы дарыгерлер бөлүмүнө жеткирилип, алган жараатынан эсине келбей каза болгон.

Азыр окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын, жабырланган тараптан арыз түшпөгөндүктөн кылмыш иши козголбогонун Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Абдысейитов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 9-класстын беш окуучу баласы жана 8-класста окуган беш кыз болуп 24-майда ата-энелери жана мугалимдерге айтпай, сабактан кийин айыл четиндеги Чоң-Кошой аймагына экскурсияга чыгышкан. Жүк ташуучу автоунааны окуучу балдардын бири айдап чыккан. Каза болгон баланын сөөгү 26-майда жерге берилди. (SS/NT)

XS
SM
MD
LG