Эльдияр Абакиров экономика министринин орун басары кызматына дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Абакиров 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо КСДП партиясынан талапкер болуп катталган. Өзүнүн ишмердүүлүгүндө ишкер, бизнесмен “D-Центр” ЖЧКсынын негиздөөчүсү, Green City management ЖЧКсынын жетекчисинин орун басары катары белгилүү. (SDz)