Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:44

Өкмөт мамлекеттик казынадан Тарых жана маданият жылын өткөрүүгө 94 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайты кабарлайт. Анын алкагында 78 иш-чара өткөрүү каралып, ири даталар да камтылды. Алсак Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы, Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы, Тайлак баатырдын 220 жылдыгы, Кыргыз АССРинин 90 жылдыгы жана Үркүндүн 100 жылдыгы да камтылды.

Жыл башында 2016-жылды Тарых жана маданият жылы катары белгилөө жарлыгына президент Атамбаев кол койгон. Бул жышаан Кыргызстандын тарых, маданиятын сактап калуу жана өркүндөтүү максатын камтыйт деп жазылган президенттин билдирүүсүндө. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG