Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Салянова: Нике мыйзамын педофилдерге каршылар да колдободу


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Жогорку Кеңеш ЗАГСка тура электердин никесин кыйып берген молдону кылмыш жообуна тартуу тууралуу мыйзам долбоорун колдогон жок. "Азаттыктын" суроолоруна долбоордун автору, "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянова жооп берди.

“Азаттык”: Добуш берүүнүн жыйынтыгы кызуу талкуу жаратууда. Аялдардын укугу үчүн сүйлөп келген депутат Айнуру Алтыбаева да каршы добуш берген экен. Бирок өзү менен сүйлөшсөк, муну ката деп атады жана регламент комитетине кайра добуш берүү ниетин билдирип кайрылганын айтты. Мыйзам долбоордун мындан аркы тагдыры кандай болот? Аны кайра карап чыгуу же добуш берүү мүмкүнчүлүгү барбы?

Салянова: Мындай мүмкүнчүлүк бар. Бул үчүн депутаттар регламент комитетине кайрылып, Жогорку Кеңешке кайра добуш берүү болсун деп сунушташы керек.

“Азаттык”: Добуш берүүнүн жыйынтыгы эмне себептен ушундай болуп калды? Себеби ага чейин муфтият деле макулдугун билдирип, депутаттар деле колдой тургандай болуп жатты эле...

Салянова: Туура, ошондой болуп жаткан. Бул мага да күтүүсүз чечим болду. Ошондуктан мен кайра добуш берүүгө койдурганга аракет кылдым, тилекке каршы, ал өтпөй калды.

Нике тууралуу мыйзам буга чейин коомдук талкуудан өткөн.
Нике тууралуу мыйзам буга чейин коомдук талкуудан өткөн.

Бул жерде кеп, 17ге чыга элек кыздар тууралуу болуп жатат. Алар өзүн коргоп, тегерегиндегилерге таасир эте албайт. Эгер мамлекет ойлонбосо, депутаттар мыйзам чыгарбаса, бул маселени ким ойлонот? Кечээ мен кайра добушка коюу демилгесин көтөрүү алдында “Ата-энелерди эмне үчүн жоопко тартышыбыз керек?” деген суроо беришти.

Эгер ата-эне баарын көрүп-билип туруп, ага көз жумса эмнеге жооп бербеши керек? Статистика боюнча жаш кыздардын никеге туруусу көбүнчө айыл жеринде жана жакыр үй-бүлөлөрдө болот экен. Бул эмнеден кабар берет? Демек, “ашка жүк, башка жүк болбосун” дегендей, бул кылмышка ата-энелер өздөрү кошумча болуп, көмөк көрсөткөн учурлар көп.

Өспүрүмдү аялдыкка алгандар, мындайча айтканда, зөөкүрлөр, көп учурда билимдүү же шаардык кызга үйлөнбөйт. Айыл жергесинен, билими жоктордон алганга аракет кылат. Себеби алар укугун коргой албасын, акчага муктаж экенин билет. Ошондой учурда ата-энени жоопко тартпаганда, кимди тартышыбыз керек?

“Азаттык”: Молдону үч-беш жылга эркинен ажыратуу каралып жатат. Ал эми ата-эненичи?

Салянова: Баарына эле үч же беш жылдык жаза каралууда. Негизи бул мыйзам долбоору кеңири коомдук талкуудан өткөн. Башка мыйзамдарга эталон болчудай талкуу болгон. Муфтият да, молдолор да туура түшүнүп, жаш кыздар боюнча ушундай көйгөй бар экенин айткан.

Каршы добуш бергендер арасында “Педофилдерди өлүм жазасына тартуу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү керек" дегендер бар. Кичинекей кыздар менен жашап жаткандарды педофил дебесек, анда ким педофил?! Кечээ алар менин мыйзам долбоорумду колдоп, керек болсо өтүп кетүүсү үчүн үгүттөшү керек эле.

“Азаттык”: Сиз сунуштап жаткан жаза катаал эмеспи? Себеби айрым укук коргоочулар катуу жаза деп сыпатташууда...

Салянова: Жаза окуянын кесепетине жараша болот. Бирок талкуу учурунда өтө катуу болуп калат деген пикир же түшүнбөстүк жаралган жок. Туура деп эле жатышты. Ошол эле муфтияттагылар мөөнөттү кыскарткыла деген жок, себеби алар кесепеттерди билет. Жаш кыздын ден соолугуна терс таасир тийгизип жатса, өлүмгө чейин алып барып, оорукчан балдар төрөлүп, көйгөй күчөп жатса, ошого жараша жоопкерчилик болушу керек.

“Азаттык”: Интернеттеги социалдык түйүндөрдө бул маселе кызуу талкууга түштү. Мыйзам долбоорун ислам динине карата жасалган басым деп сындагандар да жок эмес.

Салянова: Бул жөн гана шылтоо. Жогоруда айтылгандай, дин адамдары бул маселени жакшы түшүнүп, демилгебизди колдогон. Керек болсо молдону гана эмес, ата-энесин, жаш кызга үйлөнүп жаткан кишинин өзүн да жазага тартуу керек деп сунуш айткандар болгон. Эгер исламга каршы келсе, алар колдомок эмес. Мен дагы бир нерсени айткым келет. Каршы добуш бергендер арасында “Педофилдерди өлүм жазасына тартуу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү керек" дегендер бар.

Кичинекей кыздар менен жашап жаткандарды педофил дебесек, анда ким педофил?! Кечээ алар менин мыйзам долбоорумду колдоп, керек болсо өтүп кетүүсү үчүн үгүттөшү керек эле.

Демек, педофилдерди жазалоо, өлүм жазасына тартуу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизебиз дегендер деле кандай болсо да муну менен кошо башка өзгөртүүлөрдү киргизип алуу аракетин кылып жатат. Бул алар үчүн жөн гана шылтоо болууда.

“Азаттык”: Кандай болгон күндө да мыйзам долбооруна кайра добуш берүүгө мүмкүнчүлүк бар экен да?

Салянова: Бар. Бирок кызык нерсе, кечээ бир да депутат суроо берген жок. Кайсы гана мыйзам долбоору болбосун, дайыма талкуу менен өтөт. Эгер талкуу болбосо, демек депутаттар ошол мыйзам долбооруна макул жана 100% менен өтүп кетет. Ал эми кечээ бир да суроо берилбей, добуш берүүгө келгенде ушундай жыйынтык болуп калганы көп эле адамдарга түшүнүксүз болуп калды.

XS
SM
MD
LG