Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:59

Кыргыз-орус дипломаттары "кара тизмени" талкуулады


 Мигранттар орус тилинен сынак тапшырууда.
Мигранттар орус тилинен сынак тапшырууда.

Бишкекте ТИМдин консулдук департаментинин жетекчиси Эркин Асангулов орусиялык кесиптеши Андрей Фролов менен жолукту. Кыргыз тарап Орусияда жүргөн кыргызстандыктарды “кара тизмеден” чыгаруу, жарандары Федерациянын аймагында каттоого тургузуу иштерин илгерилетүү өтүнүчүн билдирди.

Ошондой эле 16 жашка жете элек кыргызстандыктарды Орусиянын чек арасынан өткөрбөө демилгеси айтылып, айрыкча туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө техникалык катасы бар жарандарды Федерациянын аймагына киргизбөө тууралуу сунуштар айтылды.

ТИМдин маалымат кызматы билдиргендей, тараптар укуктук жана жарандык жардам берүү боюнча Минск келишимин аткаруу, Консулдук конвенцияны ишке ашыруу боюнча да пикир алмашты. (SDz)

XS
SM
MD
LG