Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Москва: 128 кыргызстандык атайын жайларда кармалууда


Текшерүү.
Текшерүү.

Москвадагы чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу атайын жайда 128 кыргыз жараны бар экенин Орусиядагы кыргыз элчилиги маалымдады.

Алардын ичинен 88 адамдын колунда паспорту бар болсо, 40 кыргызстандык чет жерде документи жок жүргөн. Дагы 4 жаран аттарын өзгөртүп, жашырганына байланыштуу документтери сот органдарына өтүп кеткен.

Мигранттар борборунун кызматкерлери маалымдагандай, миграция кызматы ИИМдин карамагына өткөнүнө байланыштуу атайын кармоочу жайдагы көптөгөн функциялар аягына чейин бөлүштүрүлө элек. Бирок орус тарап убактылуу кармоочу жайдагы кыргызстандыктарды өз мекенине жиберүү боюнча болгон аракетин жумшай турганын кабарлоодо. (SDz)

XS
SM
MD
LG