Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:35

“Бир Дүйнө-Кыргызстан” Мүлк фондун айыптады


Мамлекеттик мүлк фондунун жана анын кызматкерлеринин сот жообуна тартылган Азимжан Аскаровдун мүлкүн конфискациялоо процессине кийлигишүүгө укугу жок. Мындай билдирүүнү “Бир Дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылы таратты.

Маалыматка караганда, 25-май күнү Аскаровдун жубайы Хадича Аскарова жашаган Базар-Коргон айылындагы Хавузбою көчөсүндөгү №3 үйүнө сот аткаруучулар, орган кызматкерлери жана Мүлк фондунун кызматкерлери биригип 20 адам барган. үй мүлктөрүн кароодон өткөрүшкөн. Аскаровдун ал турак жайы энесинен калган мурас катары саналып, азыр анда үй-бүлөсү жашайт.

Аскаровдун жактоочулары күч органдарынын аракетин мыйзамсыз деп эсептеп, абактагы Азимжан Аскаровдүн үй-бүлөсүн коргоо максатында Башкы прокуратурага кайрылуу жолдошту.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган деп соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган. 2012-жылы анын мүлкү камакка алынган болчу. Мамлекеттик мүлк фондунун облустук башкармалыгынан “Азаттыкка” билдиргендей, Аскаровдун мүлкү боюнча фонд башкармалыгында атайын буйрук чыгып, анын негизинде түзүлгөн комиссия 25-майда Аскаровдун үйүн жеринде тактап кетишти. Эми өкмөттөн токтом чыкса, анын турак жайы мамлекетке өткөрүлөт. (SDz)

XS
SM
MD
LG