Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:47

Кытайда туннель-автобус чыгат


Кытайда көргөзмөдө көрсөтүлгөн туннель-автобус (CCTV+ каналынын видеосунан алынды)
Кытайда көргөзмөдө көрсөтүлгөн туннель-автобус (CCTV+ каналынын видеосунан алынды)

1200 адам баткан мындай автоунаанын мини-модели 24-майда он тогузунчу China Beijing International High-Tech Expo жармаңкесинде көрсөтүлдү.

Өзгөчө конструкциядагы ТЕВ (Transit Elevated Bus, кыргызча айтканда, - баарынан өтүп кетме бийик автобус) автобусунун ылдыйкы бөлүгү туннель сыяктуу 2,1 метр бийик. Ал өз жолу менен баратып, багытындагы автомобилдердин үстүнөн аттап өтүп кете берет.

Аялдамада токтоп, жолоочулар үчүн койнундагы бүктөлмө көпүрөсүн жазганда алдында бараткан автомобилдер өтө албайт. Электр кубаты менен иштечү туннель-автобус 60 км/саат ылдамдыкта жүрөт.

ТЕВдин долбоорунун инженери Бай Чжимин (Bai Zhiming) “1200 жүргүнчү ташычу ТЕВ автобусу метродой эле фунцияны аткарат, бирок анын жолунун курулушу метронун баасына караганда беш эсе арзан. Анын конструкциясын бир жылда бүткөрсө болот", - деп түшүндүрдү Кытайдын CCTV News телеканалына.

Туннель-автобустун алгачкы прототиби ушу жылдын экинчи жарымында Кытайдын түндүгүндөгү Хэбэй провинциясында Цинхуандао шаарында чыгат. Бул калаада 2010-жылкы эл каттоо кезде үч миллион эл жашаган. (Караңыз: Shanghailist.com, Nextshark.com)

Эки орундуу аба көлүгү

Европа космостук агенттигинин бизнес инкубаторуна кирген стартап-компания ордунан абага тик көтөрүлүп кончу, ошондой эле асманда тулкун самолеттой туруктуу кармай алчу тик учак жасоодо. Ал жеке колдонууга ылайыкталган бул үлгүдөгү дүйнөдөгү биринчи тикучак.

“Максатыбыз күнүмдүк тириликке пайдаланылчу тикучакты өнүктүрүү. Ага аэропорттун татаал жана кымбат инфраструктурасы керек эмес. Күрүлдөгөн үндү жана абаны булгоону азайтуу үчүн биз электр моторду пайдаланабыз. Ошон үчүн тикучакты элдүү жайларга жакын жерлерде пайдаланса болот,” - дейт Lilium Aviation компаниясынын аткаруучу директору Даниэль Вигенд (Daniel Wiegand). Бул компанияны 2015-жылы февралда Мюнхен техникалык университетинин төрт инженери менен докторанты түптөгөн.

Буга чейин тикучактын 25 кг прототиби жасалган. Азыркы тикучактардын үнү катуу чыгат, учканга татаал, ротору иштен чыкса, абага көтөрүлө албай калат. Lilium аба көлүгү 15x15 м аянттан көтөрүлүп, 400 км/саат ылдамдыкта учат. Ал жеңил жана дизайны коопсуз болгондуктан, кадимки тикучакка караганда жеңил башкарылат. Андыктан аны айдоого лицензия алуу үчүн 20 саат окуу жетиштүү. Lilium тикучагы күндүз, аба ырайы жакшы шартта учат. Моторунун кубаты 329 кВт же 435 ат күчүнө барабар. Электр энергиясын аккумулятордук батареядан алат.

Аны жерден туруп да башкарылып, автономдук режимде да уча алат.

(Булагы: www.ESA.int)

Ак кайың да түнкүсүн уктайт

Европалык окумуштуулар лазердик сканерди пайдаланып, Betula pendula түрүндөгү ак кайыңдардын эки түрүнүн түнкү кыймылына байкоо жүргүзүшкөн. Финляндияда ак кайыңдардын түнкү абалын 14 жолу, Австрияда 77 жолу сканер менен тартып алынган. "Биздин изилдөө бардык дарактардын бутактары түнкүсүн ийлип калганын көрсөттү. 5 метр бийик дарактардын бутактары түнкүсүн дайыма 10 см ылдыйлайт”,-дейт изилдөөчүлөрдүн бири, фин биологу Ээту Путтонен (Eetu Puttonen).

Финляндияда далдоо жана жандоо жерде өскөн, Австрияда айдың талаада өскөн ак кайыңдар аба мемиреп, эч жел жүрбөй турган учурда сканерге тартылган.

Түнкүсүн дарактардын бутак-шактары менен жалбырактары өзгөчө Күн чыгардан эки саат мурда шалбырап калышкан. Күн чыккандан эки-үч сааттан кийин жалбырактар менен бутактар дене-боюн жазышып, мурдагы калыбына келишкен. Дарактар жарыктан ойгонобу же жашоо ритмине ылайык ойгонобу, ал жагы беймаалым.

Гүлдөрдүн айрым бир түрлөрү эртең менен бажырайып ачылып, кечинде үлбүрөгүн жапканын швед табият таануучусу Карл Линней XVIII кылымда эле байкаган (Мен өзүм түн ортосунда Айгүлдүн ачылганын көрөм деп, бала кезде энем менен апа эжемдердин үйүндө нечен ирет түн күзөткөнүм эсимде). Бирок дарактар түнкүсүн уктап эс алары буга чейин белгисиз болчу (Булагы: Journal.frontiersin.org, www.agroxxi.ru)

Жалгыз бой эркек диетага маани бербейт

Эркектер жалгыз бой калганда алардын тамактануу тартиби бузулуп, ден соолугуна олуттуу зыян тийиши мүмкүн. Ал эми аялдар жалгыз бой калганда диетасын өзгөртпөгөнүн англис тилинде чыкчу Social Science & Medicine журналынын изилдөөсү көрсөттү.

Изилдөөгө 40-80 жаштагы ар кандай себептерден жалгыз бой калган 11577 аял-эркек катышып, алар 1993-97 жана 1998-2002-жылдары медициналык көзөмөл астында болгон. 1-текшерүүдө эркектердин 89%, аялдардын 78% түгөйлүү болгон. 3,5 жылдан кийин эркектердин 2,4%, аялдардын 4,5% ажырашып, же бири-биринен бөлөк жашап, күйөөсү (зайыбы) көз жумуп жалгыз калган. Алардын диетасы түрдүү мөмөлөрдү жана жашылчаларды пайдаланууга карап бааланган.

Жалгыз бой калган эркектер мөмө жана жашылча-жемиштерди жегенди 25% жакын азайтып, жеген тамагы негизинен бир түрдүү боло баштаган. Аялдардын диетасында олуттуу өзгөрүш болгон эмес. Эркектердин арак-шарап ичүүсү дээрлик өзгөрбөгөн. Аялдар алкоголдук ичимдиктерди кескин кыскартып, жумасына бир ирет гана ичүүчү болгон. “1920-1960-жылдары туулган бул муунда дүкөнгө барганга жана тамак даярдаганга аялдар жооптуу. Жалгыз бой калган аялдардын тамактануу тартибин бузбаганын бир жүйөсү ушунда,”- дейт Кэмбриж университетинин Диета жана активдүүлүктү изилдөө борборунун (The Centre for Diet and Activity Research-CEDAR) улук лектору, доктор Пабло Монсирас (Pablo Monsiras).

Тамакка жаңы азык-түлүктү пайдаланууну кыскартуу жүрөк кан тамыр ооруулары жана рак илдетине кабылуу коркунучун күчөтөт, диетаны сактагандар кант диабетинин экинчи тиби (инсулинге көз карандысыз диабет) жана рактын кээ бир түрлөрүнө байланыштуу дарттарга көп кабылбайт.

(Караңыз: The Wall Street Journal, Social Science & Medicine)

XS
SM
MD
LG