Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:38

Казакстандын прокуратурасы башаламандык уюштуруучулар бар экенин кабарлады


Казакстандагы нааразылык жыйындар.

Казакстандагы нааразылык жыйындар.

Казакстанда массалык башаламандык уюштурууну даярдап жаткан чагымчыл күчтөр бар экенин өлкөнүн Башкы прокуратурасы кабарлады. Таратылган маалыматка ылайык, айрым бир күчтөр уруксат берилбеген жыйындарды өткөрүп, коомдук-саясый абалды козутууга, улут аралык жаңжалды чыгарууну көздөшкөн.

Учурда айрым топторду каржылоо булактары аныкталып, кошумча маалыматтар такталууда.

21-майга белгиленген тынч жыйында көптөгөн адамдар кармалды, алардын 30га чукулу дагы деле камакта турат. Бул күнү полиция бир катар аймактын борбордук аянттарын курчоого алып, топтолгон адамдарды кармап кеткен. Алардын арасында “Азаттыктын” онго чукул кабарчысы да бар. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG