Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Лондон олимпиадасына катышкан 23 атлеттен допинг табылды


Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах
Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах

Эл аралык олимпиада комитети 2012-жылкы Лондон олимпиадасына катышкан 23 атлеттен допинг табылганын билдирет. 27-майдагы Олимпиада комитетинин билдирүүсүндө алар спорттун беш түрү боюнча таймашкан алты өлкөнүн атлеттери экени айтылат.

Комитет 2008-жылкы Бээжин олимпиадасына катышкан 454 жана 2012-жылы Лондон оюндарында мелдешкен 265 спортчуну “жаңы илимий методдорду” колдонуп текшерген.

“Биз допинг колдонгондорду Рио-де-Жанейро оюндарынан оолак кармоону каалайбыз” деди Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах.

Эл аралык уюм өткөн аптада Бээжин оюндарына катышкан 31 атлеттен алынган тест кызытма колдонулганын көрсөткөндүктөн кайра дагы текшериле турганын билдирди. Орусия алардын арасында 14 спортчусу бар болгонун, айрымдары медал ээлери экенин моюнга алган.

Орус өкмөтү спортто допинг колдонгондорду кылмыш жазасына тартуу жөнүндө мыйзам иштелип жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG