Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Кадамжайдагы сел беш кишинин өмүрүн алды


Баткен облусунун Кадамжай райондагы катуу сел беш адамдын өмүрүн алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Альберт Тагаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, кырсык Кадамжай-Айдаркен жолунда кечки саат бештерде болду. Катуу селден улам тоодон таштар кулап, жолдо бараткан "Хонда CRV" үлгүсүндөгү унаа оодарылып кеткен. Натыйжада унаадагы беш киши каза болуп, бир баланы куткаруучулар аман алып калышты.

Тагаевдин маалыматына ылайык, учурда жыйырмага чукул жерде таш кулагандыктан жол жабык турат. Ушул тапта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тогуз техникасы жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Сел жүргөн жерге озгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов да барды. (SDz)

Кадамжайдагы сел беш кишинин өмүрүн алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:55 0:00

XS
SM
MD
LG