Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

Кадамжай: беш өмүрдү алган сел


Кадамжайдагы кырсык болгон Орозбеков атындагы айыл. 27-май
Кадамжайдагы кырсык болгон Орозбеков атындагы айыл. 27-май

Баткен облусунун Кадамжай районда 27-майда болгон катуу селден беш адам каза тапкан. Учурда куткаруучулар агып кеткен үч жаштагы баланын сөөгүн издеп жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Альберт Тагаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, кырсык 27-майда Кадамжай-Айдаркен жолунда кечки саат бештерде болгон. Катуу селден улам тоодон таштар кулап, жолдо бараткан “Опел-Фронтера” үлгүсүндөгү унаа оодарылып кеткен. Натыйжада унаадагы беш киши каза болуп, бир баланы куткаруучулар аман алып калышты. Ал эми дайынсыз жоголгон үч жаштагы Эльдар Жороевди издөө иштери уланып жатат.

Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, жергиликтүү элден турган ыктыярчылар тартылды.

Тагаевдин маалыматына ылайык, жыйырмага чукул жерде таш кулагандыктан жол жабылган. Жолду тазалоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тогуз техникасы барган. Учурда каттамга уруксат бериле элек.

Сел катуу жүргөн Орозбеков айылында үч үй жашоого таптакыр жараксыз болуп кыйраган. Дагы аныктоо иштери жүрүп жатканын аймакта түзүлгөн штабдан “Азаттыкка” билдиришти.

Кадамжай: селдин кесепети
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:15 0:00

Ишемби, 28-майда президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө Кадамжайдагы селдин кесепетин жоюу үчүн чара көрүүгө тапшырма берип, каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты.

Президент селде набыт болгон беш кишинин үй-бүлөсүнө өз фондунан 500 миң сом акча бөлгөнүн маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, табигый кырсыктан набыт болгондордун ар бирине 100 миң сомдон берилет.

Сел жүргөн Абдыкадыр Орозбеков айылына өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов. саламаттыкты сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиев да барган.

Кырсык болгон айылга "Азаттыктын" кабарчысы барып тартып келген сүрөттөр. (Сүрөт баян менен таанышуу үчүн сүрөттүн үстүңкү бурчунда турган белгини басыңыз)​

Кырсыкта каза-тапкандардын аты-жөнү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Кадамжайдагы селден набыт болгондор:

Жороев Зайир Шамидинович, 1991-жылы туулган, Көтөрмө айыл аймагындагы Кызыл-Булак айылынын тургуну;

Жороев Шайырбек Шамидинович, 1987-жылы туулган, Көтөрмө айылы аймагындагы Кызыл-Булак айылынын тургуну;

Шайырбек уулу Алмаз, 2014-жылы туулган. Жороев Шайырбектин уулу;

Фарида Алымкулова, 1967-жылы туулган, Орозбеков айыл аймагындагы Учкун айылынын тургуну;

Зарипа Эрмекова, 1973-жылы туулган Майдан айылы аймагынын тургуну

Каза болгондордун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Куткарылган бала Нурлан уулу Жеңишбек, 2010-жылы туулган. Ал каза болгон Зарипа Эрмекованын уулу.

Ал эми автоунаадагы 7-жүргүнчү, 2013-жылы туулган Жороев Элдар изделүүдө.

Кадамжайдагы сел беш кишинин өмүрүн алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:55 0:00

XS
SM
MD
LG