Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

Акыркы коңгуроо күнү Бишкекте төрт автоунаага жаза айып салынды


Мектеп бүтүрүүчүлөрүн ташып бара жаткан төрт лимузин Кайгуул-күзөт башкармалыгынын токтотуучу жайына коюлду. Алар жолдо жүрүү эрежелерин бузганы үчүн ушундай айыпка жыгылган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнан маалымдашты.

27-май күнү өлкөдөгү бардык мектептерде Акыркы коңгуроо салтанаты болгон. Кайгуул-күзөт кызматы буга байланыштуу рейд жүргүзүп, жол кыймылынын бузулуусунун алдын алуу чараларын көрдү. Маалыматка ылайык, акыркы коңгуроо кагылган күнү бүтүрүүчүлөр жүрүп бараткан автоунаалардын терезесинен белине чейин чыгып алышат, карама-каршы багыттагы жол менен айдашат, мунун баары кыйкырык-сүрөөн менен коштолот.

Быйылкы окуу жылында Кыргызстанда 62 миңге жакын окуучу 11-классты жана 93 миңге жакын улан-кыздар 9-классты аяктайт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG