Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:58

Кадамжайдагы сел үч үйдү кыйратты


Кадамжайдагы сел жүргөн Абдыкадыр Орозбеков атындагы айыл. 2016-жыл
Кадамжайдагы сел жүргөн Абдыкадыр Орозбеков атындагы айыл. 2016-жыл

Сел катуу жүргөн Орозбеков айылында үч үй жашоого таптакыр жараксыз болуп кыйраган. Дагы аныктоо иштери жүрүп жатканын аймакта түзүлгөн штабдан “Азаттыкка” билдиришти.

Ал эми дайынсыз жоголгон наристени издөө иштери уланууда. Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, жергиликтүү элден турган ыктыярчылар тартылды.

27-май күнү кечки саат бештерде Кадамжай-Айдаркен жолунда катуу сел жүрүп, тоодон таш кулаган. Мындан жолдо бараткан "Опел Фронтера" үлгүсүндөгү унаа оодарылып кеткен. Натыйжада унаадагы беш киши каза болуп, бир баланы куткаруучулар аман алып калышты. Унаадагы дагы бир бала, үч жаштагы Элдар Жороев дайынсыз жок. Айрым маалыматтар боюнча, машина кичинекей балдарды бала бакчадан алып келе жатканда селге туш болгон.(JsA;ZKo)

XS
SM
MD
LG