Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Пхеньян Сеулга аскер кемелери атыларын эскертти


Түндүк Корея ишембиде эгер Түштүк Кореянын аскер кемелери суудагы чек араны бузчу болсо, эскертүүсүз ата турганын билдирди. Бир күн мурда Түштүк Кореянын аскер кемелери эки ирет эскертүүчү ок чыгарышкан. Ага Түндүк Кореянын эки кемеси Сары деңиздеги чек араны бузуп өткөнү негиз берген эле. Пхеньян анда курал болбогонун, балык кармоочу кеме Түндүк Кореянын аймагында болгонун бекемдөөдө.

Февраль айынын башында Түштүк Кореянын кемелери ушул эле аймакта Пхеньянга тиешелүү кайгуул катери чек ара сызыгын кесип өткөндө да эскертүүчү ок чыгарышкан эле.

XS
SM
MD
LG