Түрк тилдүү өлкөлөрдүн 27 акыны катышкан быйылкы ыр майрам чыгыш акыны Алишер Навоинин чыгармачылыгына арналып өттү.
Иш- чаранын алкагында акындар шаардын борбордук көчөсүндөгү жөө жүрүштөн өтүп, жогорку окуу жайларда, маданий борборлордо ыр окушту.
Фестивалга Кыргызстандан акындар Акбар Рыскулов, Карбалас Бакиров, Кожогелди Култегин, Атантай Акбаров, Жедигер Саалаев, Зайырбек Ажыматов, Алтынбек Исмаилов катышты.
"Хазар" эл аралык поэзия майрамы 26-майдан 29-майга чейин, Түркиянын Элазык шаарында болду.(ZA)