Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

АКШда жол кырсыгына кабылган кыргызстандык каза болду


Эржигит Жуматаев
Эржигит Жуматаев

24-майда Нью-Йорк штатындагы Бруклин шаарында жол кырсыгына кабылган эки кыргызстандыктын бири, 25 жаштагы Эржигит Жуматаев 28-май күнү эсине келе албай, каза болду. Бул тууралуу Нью-Йорктогу кыргыздар маалымдашты.

Ал эми экинчисинин бутуна операция жасалып, жакынкы күндө ооруканадан чыгарын билдиришти.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Эржигиттин ата-энесине виза алуу иштерине көмөктөшүп, алар сөөктү алып кетүү үчүн АКШга барышканы кабарланууда. Ал эми АКШдагы кыргызстандыктар сөөктү жөнөтүү үчүн акча чогултуп жатышканын маалымдашты.

Иликтөөлөргө ылайык, кыргызстандыктар башкарган унаа катуу ылдамдыкта бараткан кезде жол кырсыгына кабылган. (UEz;ZKo)

XS
SM
MD
LG