Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:49

Казакстандагы митингдерден соң жоопко тартылгандар 50дөн ашты


21-майда Казакстандын Астана, Алматы, Атырау, Чимкент жана башка шаарларында жердин чет элдиктерге сатылышына каршы митингге чыккан жарандар кармалган.

21-майда Казакстандын Астана, Алматы, Атырау, Чимкент жана башка шаарларында жердин чет элдиктерге сатылышына каршы митингге чыккан жарандар кармалган.

Бул тууралуу Казакстандын баш прокурорунун орун басары Андрей Кравченко жер реформасы боюнча өкмөттүк жыйында билдирди. Анын айтымында, 21-майда ар кайсы шаарларда кармалган 51 киши административдик жоопко тартылды, кылмыш иши козголгон жок. Кравченко бир да шаарда митинг өткөрүүгө уруксат берилбегенин белгилеп, “бирок бул кишилер эмне күтүп турганын билип туруп, митингге чыгышкан” деп айтты.

Анын сөзү боюнча кармалган 51 жарандын төртөө административдик жазага тартылып, камалды. 12 жаранга айыппул салынган, 21 кишиге сот тарабынан эскертүү берилген.

21-майда Казакстандын Астана, Алматы, Атырау, Чимкент жана башка шаарларында жердин чет элдиктерге сатылышына каршы митингге чыккан жарандар кармалган. Айрым маалыматтар боюнча, учурда мыйзамсыз митинг уюштурду деген айып менен отуздан ашуун активист камакта отурат.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG