Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:29

Батыровдун үйү боюнча кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду


Кадыржан Батыровдун талашка түшкөн үйү, Сузак району

Кадыржан Батыровдун талашка түшкөн үйү, Сузак району

Кадыржан Батыровдун үйүн жашыруу фактысы боюнча облустук прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынын Сузак райондук бөлүмүнүн жана райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн тийиштүү кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду. Мекемеден алынган маалыматка караганда, 2010-жылдагы июнь окуясы үчүн күнөлүү деп табылып, сот аркылуу сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыровго тиешелүү 28 объект конфискацияланган. Бирок жакында эле Бакиевдерге берилген Батыровдун турак жайы ал тизмеге киргизилген эмес. Мындан улам эки башка документ жасаган Мамлекеттик каттоо кызматынын Сузак райондук бөлүмүнүн кызматкерлерине жана сот аткаруучулар бөлүмүнүн тийиштүү кызматкерлерине маалымат жашыргандыгы үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду.

Бакиевдердин жакындары 2010-жылы Батыров алардын үйүн өрттөгөн деп айыптап, чыгымын өндүрүп берүүнү өтүнүп сотко кайрылган.

Жалал-Абад шаардык соту 2011-жылдын ноябрь айында Бакиевдердин доосун канааттандырып, алардын пайдасына Батыровдон 7,4 млн сом өндүрүүнү чечкен. Сузак районунун Дмитриевка айылында жайгашкан Батыровдун үй-жайы сот аркылуу камакка алынып, эки ирет сатыкка коюлган.

Бирок үйдү сатып алууга киши чыкпаган соң облустук соттун ушул жылдын апрель айындагы чечими менен Батыровдун турак жайы толугу менен Санжар Бакиевдин менчигине өткөрүлүп берилди.

17-майда сот аткаруучулар күбөлөр менен бирге үйгө кирип, буюмдарын жакындарына өткөрүп беришкен.

Санжар Бакиев Кыргызстандын 2010-жылы бийликтен кулатылган мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси, маркум Жусупжан Бакиевдин уулу. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG