Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:12

Европада чагылган түшүп бир киши өлдү


Германиядагы Хопштедтен аймагында чагылган балдар футбол ойноп жаткан стадионго түшкөн. Натыйжада 35 киши жабыркап, үч киши ооруканага жеткирилген. Жабыркагандардын бири – судья болуп иштеген адамдын жүрөгү токтоп калган.

Польшанын түштүгүндө да катуу түшкөн чагылгандан тоодо жүргөн бир турист жана үч альпинист жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Париждин түндүк-батыш тарабындагы Монсе паркында туулган күн тосуп жаткан он чакты бала менен бир чоң киши чагылгандын отунан жабыркашкан. Аларга жакын жерде жүргөн өрт өчүргүч чукул жардам көрсөтүп, аман алып калган.

Катуу нөшөрдүн жана чагылгандын айынан Франциянын теннис чемпионатынын оюну да токтотулган.

Май айынын ортосунда Бангладеште күрүч талаасында иштеп жүргөн 50дөн ашуун киши чагылган тийип, набыт болушкан эле.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG