Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:07

Орусия Кыргызстандан барган 18 тонна күрүчтү киргизбей койду


Орусиянын чек арасындагы бажы бекети

Орусиянын чек арасындагы бажы бекети

Кыргызстандык ишкерлердин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, күрүч салынган автоунааны Орусия-Казакстан чек арасындагы “Илецк-1” чек ара бекетинде кармашкан. Орус тарап товардын сапатын тастыктаган документтер жоктугун негиз кылып, күрүчтү кайра артка кайтарды.

Алар товардын кайсы жерде, кандай шартта өстүрүлгөнү, аны өстүрүүдө жана сактоодо колдонулган химикаттар, күрүчтүн курамында ГМО бар-жогу тууралуу маалыматтарды талап кылышкан.

“Илецк-1” чек ара бекети жайгашкан Оренбург облустук бийлиги мындай маалыматтарсыз тамак-аш азыктары сапатсыз деп саналып, өлкөгө киргизилбесин билдирүүдө.

Кыргызстан 2015-жылдын 12-августунан тарта ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү. Бирок кыргызстандык дыйкандар өндүргөн азыктар Орусия жана Казакстанга киргизүүдө кыйынчылыктар болуп келет. Кыргызстанда өстүрүлгөн картошканы алуудан казак бийлиги да жакындан бери баш тарткан.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG