Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:38

Жер Ортолук деңизинде жүздөгөн мигранттар дайынсыз болууда


Италиянын жээктеринде качкындарды куткаруу учуру.

Италиянын жээктеринде качкындарды куткаруу учуру.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, акыркы күндөрү Түндүк Африкадан Европаны көздөй бараткан 700дөн ашуун мигрант Жер ортолук деңизинде чөгүп кеткен деп саналууда. БУУнун качкындар комиссариатынын өкүлү Карлотта Саминин Associated Press агенттигине билдиргенине караганда, ушул аптада эле үч кеме чөккөнү аныкталган.

25-май күнү бир кеме оодарылып, жүз чамалуу киши дайынсыз кеткен. 26-майда болсо бортунда 670 кишиси бар кеме аңтарылган, 550 адам ың-жыңсыз жоголсо,104 киши куткарылып, 15 кишинин сөөгү табылган.

27-майда дагы бир кеме оодарылып, 135 киши куткарылган. 45 адамдын сөөгү табылса, калганы дайынсыз болууда.

Жума сайын Италиянын түштүк аралдарына Түндүк Африкадан мигранттар түшкөн кемелер келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG