Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:57

Бээжин 98 уйгурдун Стамбулда жасалма кыргыз паспорту менен кармалышы боюнча окуя Түркия менен Кытайдын ортосундагы келишимдердин негизинде каралышы керектигин билдирди. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хуа Чунин жергиликтүү журналисттер менен жолугушуусунда айтканын түрк маалымат булактары жазып чыкты.

“Хаберлер” сайтынын маалыматы боюнча, Хуа Чунин Кытайдын Анкарадагы элчилиги түрк бийликтери менен байланышып, жарандардын укуктарын коргоо жана укуктук келишимдердин негизинде маселени чечүү боюнча кайрылуу жасаганын билдирген. Мындан тышкары 98 кытайлык уйгур бошотулганын жана кылмышка шектелген 4 кыргыз жараны камакта экенин айткан.

Ал эми өткөн аптада Түркиядагы кытай элчиси Хонянг Ю Анкарадагы кыргыз элчилигине окуяга тийиштүү бардык маалыматтарды сурап кайрылган жана эки тараптуу жолугушуу болуп өткөн.

17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан Жиддага учуп жаткан маалда кыргызстандык паспорт менен 98 кытайлык уйгур кармалган. Мамлекеттик каттоо кызматы бул документтердин чыныгы ээлери Кыргызстанда жашарын жана уйгурлардан алынган паспорттор жасалма экенин билдирип келет.(AS)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG