Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:42

Илимпоз Рахат Ачылова эскерилет


Бишкектеги эл аралык «Ататүрк-Алатоо» университетинде бүгүн илим жана билимге эмгек сиңирген ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, окумуштуу Рахат Ачылованы эскерүү иш-чарасы өтөт. Анын жүрүшүндө маркумдун атындагы илимий сыйлык ээлерине тапшырылат. Ал көзү тирүү болгондо бүгүн 75 жашка чыкмак.

Рахат Ачылова атындагы сыйлыкка талапкерлерди тандоодо социология, философия, гендер, педагогика, элдик аң-сезим, үй-бүлө, жана мамлекетти куруу багытындагы жогорку окуу жайлардын илимий иштери каралган.

Сыйлыкты «Ататүрк-Алатоо» университетинин “Silk Road” изилдөө борбору менен Ачылованын уул-кыздары биргеликте уюштурган.

Рахат Ачылова былтыр 5-мартта жүрөк оорусунан көз жумган. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG