Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:23

“Справедливость” уюму Аскаров боюнча прокуратурага кайрылат


Укук коргоочу Азимжан Аскаров.
Укук коргоочу Азимжан Аскаров.

Жалал-Абаддагы “Справедливость” укук коргоо уюму Азимжан Аскаровдун үйүн конфискациялоого байланыштуу прокуратурага кайрылат. Бул тууралуу аталган уюмдун юристи Өткүр Жапаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мыйзам боюнча соттолгон адамга тиешелүү үйдө анын үй-бүлөсү жашап жаткан болсо конфискацияга кирбейт. Бирок сот аткаруучулар Аскаровдун жубайын эске албай туруп, мүлк фондуна үйдү конфискациялоо боюнча сунуш жиберген. Мындан улам буга укуктук баа берүү өтүнүчү менен прокуратурага кайрылуу жолдонорун Өткүр Жапаров кошумчалады.

Өткөн жумада "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо кыймылы абактагы Азимжан Аскаровдун үй-бүлөсүн коргоо максатында Башкы прокуратурага кайрылган.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган деп соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган. 2012-жылы анын мүлкү камакка алынган болчу. Мамлекеттик мүлк фонду сот чечимине ылайык, анын үй-мүлкү мамлекетке өтөрүн ырастады. (RsK)

XS
SM
MD
LG