Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:58

Аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо менен алектенген бир катар уюмдардын “Бирге” кыймылы нике мыйзамын колдоо талабы менен парламент депутаттарына кайрылуу жолдойт. Бүгүн алар бул боюнча маалымат жыйын өткөрүшөт.

“Балдардын укугун коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова “Азаттыкка” билдиргендей, жарандык коом Жогорку Кеңештин жашы жете электер менен никеге турууга тыюу салган мыйзамды кабыл албай койгонун сынга алууда.

26-майда парламент расмий күбөлүк ала элек жарандарга нике кыйгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу демилгесин четке каккан. Ага 44 депутат "макул", 61 депутат "каршы" деп добуш берген. Статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда аялдардын 15 пайызы 18 жашка, ал эми бир пайызы 15 жашка толо электе турмушка чыгат. Бул багытта Евразия чөлкөмүндөгү 35 мамлекеттин арасында жүргүзүлгөн изилдөөдө Кыргызстан бешинчи орунда турат. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG