Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:20

Тажикстан: президенттин кызы депутат болуп шайланды


Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун кызы, 38 жаштагы Озода Рахмон парламенттин жогорку палатасына депутат болуп шайланды. Президенттик аппараттын башчысынын милдетин аткарып жаткан Озода Рахмондун талапкерлигин 29-майда Дүйшөмбү шаардык кеңешинин депутаттары бир добуштан колдоду. Апрелде анын талапкерлиги эч кандай атаандашсыз сунушталганы кабарланган эле.

Парламенттин жогорку палатасынын 33 мүчөсүнүн 25ин жергиликтүү депутаттар тандайт. Калган сегизин президент дайындайт. Алардын баары башка кызматтарда иштегенге акылуу.

Озода Рахмон быйыл январдан тарта президенттик аппаратты жетектей баштаган. Ага чейин Тышкы иштер министрлигинде иштеген. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG