Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Украина чет элдик өнөктөштөрүнөн жардам сурады


Донбасстагы украин аскерлери
Донбасстагы украин аскерлери

Украина президенти Петро Порошенко Донбасстагы кырдаалдын курчуганына байланыштуу өз өлкөсү жардамга муктаж экенин жарыялап, чет элдик өнөктөштөрүн көмөктөшүүгө чакырды. Ал кечээ НАТОнун мурдагы баш катчысы Андерс Фог Расмуссенди өз кеңешчиси кылып дайындаганы кабарланган.

Донбасста дем алыш күндөрү абал кайра курчуп кетти. 28-29-майда өкмөттүк армия менен орусиячыл жикчилердин кармаштарында беш аскер окко учту, төртөө жараат алды. Тараптар ок атышпоо келишимин бузууда деп бири-бирин айыпташууда.

Украинанын чыгышында 2014-жылдын жазынан берки куралдуу жаңжалдан 9100дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылып, 21 миңдей адам жаракат алган.

XS
SM
MD
LG