Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

Кумтөр: экологиялык доо боюнча сот уланууда


Кумтөр кени
Кумтөр кени

Бишкектин райондор аралык сотунда Кумтөр кенин иштетүүдөгү экологиялык зыян боюнча сот жараяны уланууда. Бүгүн сот “Кумтөр голд компанинин” ишти караган судьяга ишеним көрсөтпөө боюнча өтүнүчүн четке какты.

25-майда сот Кумтөр кениндеги экологиялык эрежелер сакталбаганы тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын доосун канааттандырып, "Кумтөр голд компанини” 6,7 миллиард сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Аталган инспекция “Кумтөр голд компани” ишканасы “кен казууда калдыктарды муздун үстүнө таштаган”, “жер катмарын бузган”, “эсепке алынбаган уу заттарды калдык сактоочу жайга төккөн” жана “суу үчүн акы төлөгөн эмес” деген төрт доо менен сотко кайрылган. Мындан айлана-чөйрөгө келтирген чыгым үчүн 7 миллиард сом талап кылган.

“Кумтөр голд компани” компаниясы коюлган доого макул эместигин билдирип келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG