Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Президент Кадамжайдагы селдин кесепетин жоюуну тапшырды


Кадамжайдагы селдин кесепети.
Кадамжайдагы селдин кесепети.

Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Жолугушуу жүрүшүндө министр Кадамжай районундагы селдин кесепетин жоюу жана табигый кырсык учурунда жоголгон баланы издөө иштеринин жүрүшү боюнча маалымат берди.

Президент сел кесепетин жоюу жана жабыркагандарга жардам берүү иштерин күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле калк арасында кырсыктын алдын-алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди.

27-майда кечке жуук Кадамжай-Айдаркен жолунда катуу сел жүрүп, бир топ зыян алып келген.

Селдин кесепетинен “Опел-Фронтера” автоунаасын оодарып кеткен. Андагы беш киши, анын ичинде эки жашар наристе набыт болгон. Ал эми үч жашар Элдар Жороевдин дайыны билинбей жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG