Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:20

Ирак: террорчулар колундагы Фаллужаны бошотуу уланууда


Фаллужа шаарын бошотуу операциясы.

Фаллужа шаарын бошотуу операциясы.

Ирак аскерлери “Ислам мамлекети” террористтик тобунун колундагы Фаллужа шаарын 30-майдын таңында курчоого алып, антитеррордук операциясын баштаганы маалымдалууда.

Башкалаа Багдаддан 70 чакырым ыраактагы Фаллужа шаарында террордук топтун колунда 50 миңдин тегерегиндеги жергиликтүү тургундар кармалып турганы айтылат.

Аскерлердин башкы милдети карапайым адамдардын канына забын болбостон шаарды террорчулардан тазалоо.

Ирак аскер күчтөрү аскердик операциясын 22-майда башташкан. Аскер күчтөрүнүн офицерлеринин бири андан бери шаардын 80%ы бошотулганын кабарлады.

Фаллужа “Ислам мамлекети” террордук тобунун колуна 2014-жылы өткөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG