“Баластан” журналы балдар үчүн кыргыз тилин жана маданиятын өнүктүрүү үчүн атайын лагер ачты. Бул тууралуу аталган журналдан кабарлашты. “Вефа” соода борборунда жайгашкан лагерде балдар акын-жазуучулардын өз оозунан кыргыз эл жомокторун угуп, кыргыз ариптери, акыл-эсти өстүрүүчү оюндар менен таанышат жана менталдык арифметика боюнча көнүгүүлөрдү үйрөнөт. Лагер акысыз.
“Баластан” балдар журналы буга чейин наристелерге кыргыз тилин үйрөтүүчү атайын мобилдик тиркеме даярдап чыккан. (BkA)