Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Еврокомиссия төрагасы Орусияга келет


Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер июнда Орусиядагы эл аралык экономикалык форумга катышат. Бул тууралуу Reuters агенттигине комиссиянын маалымат катчысы билдирди.

“Президент Юнкер 16-июнда Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумга чакырылган жана катышууга ниети бар”, деп кабарлады төраганын маалымат катчысы.

2014-жылы Крымды тартып алып, Украинанын чыгышындагы жикчилдерге колдоо көрсөткөн Орусияга батыш санкцияларды киргизген. Ошондон бери Евробиримдик жетекчилери орус жергесине баш баккан эмес.

Талдоочулар Юнкердин сапары батыш өлкөлөрү санкцияларды узартуу маселесин талкуулачу маалга туш келерин белгилешүүдө.

Еврокомиссия төрагасы Москва менен натыйжалуу алака түзүүгө чакырып келет. Бул үчүн ал бир катар европалык аткаминерлердин сынына кабылган.

XS
SM
MD
LG