Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

Куртулмуш: Түркия-Орусия ортосунда чечилбес маселе жок


Түркия-Орусия ортосунда чечилбес көйгөй жоктугун түрк вице-премьер-министри Нуман Куртулмуш 30-майда Анкарадагы маалымат жыйынында билдирди.

Вице-премьер эки тараптуу байланыш “кыска аралыкта” калыбына келтирилерин белгиледи.

27-майда Орусия президенти Владимир Путин да Түркия менен мамилесин оңдоо ниетин билдирген.

Эки өлкөнүн мамилеси Түркия аба мейкиндигин бузду деп негиздеп, өткөн жылдын ноябрында орусиялык Су-24 аскер учагын атып түшүргөндөн кийин кескин муздаган.

Ошондон кийин Орусия Түркияга бир катар экономикалык санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG