Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Акыйкатчы: Мектептеги басмырлоо окуучунун жанынан кечишине себепкер болгон


Мектеп.
Мектеп.

Бул тууралуу Акыйкатчынын аппаратынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, акыйкатчы Кубат Оторбаевдин дарегине Бишкектин тургунунан арыз түшкөн. Анда борбордогу №64 мектеп гимназиянын мугалимдеринин басмырлоосунан улам окуучу кыз өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылганы айтылган.

Аталган окуучуну гимназиянын үч мугалими башка окуучулардын көзүнчө айылдан келгени үчүн кемсинтип, чейрек үчүн эки коерун айтып коркутушкан. Катуу ыза болгон окуучу өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган. Аталган кыз катуу жаракат алып, учурда ооруканада дарыланууда.

Аталган арызды акыйкатчы жеке көзөмөлүнө алып, иликтөө иштери башталды.(BkA)

XS
SM
MD
LG