Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:03

Өкмөт башчы Жунушалиевди ИИМдин жамаатына тааныштырды


Кашкар Жунушалиев менен Сооронбай Жээнбеков

Кашкар Жунушалиев менен Сооронбай Жээнбеков

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Кашкар Жунушалиевди министрликтин жамаатына тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, премьер-министр Жунушалиевдин талапкерлигин мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте Жогорку Кеңешке сунуштамакчы.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Мелис Турганбаевди кызматтан алуу боюнча жарлыкка кол койгон. Анын ордуна Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кашкар Жунушалиевди Ички иштер министринин милдетин аткаруучу кылып дайындап, премьер-министрге анын талапкерлигин Жогорку Кеңешке сунуштоо тапшырмасын берди.

Мелис Турганбаев ИИМдин жетекчиси болуп 2014-жылдын октябрь айынан бери эмгектенип келген.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG